Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган делген Австралиянын жараны Чүйдө кармалды

Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк жаран Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган Өзбекстандын тургуну, Австралиянын жаранын кармашкан. Аталган жаран 2005-жылы Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыктарынын бири тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү», «адам өлтүрүү», «диверсия» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.

Аталган жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунан кармалган.