Өзбекстандан Жалал-Абадга мыйзамсыз келген эне менен кызы кармалды

Жалал-Абад милициясы мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн 2 аялды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

13-февраль күнү Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын 2 аял мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү боюнча ыкчам маалыматтарды алышкан. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун 1978-жылы туулган жараны жана анын кызы кармалган. Алар Сузак районунун аймагынан Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасын одоно түрдө мыйзамсыз бузуп өтүшүп, Жалал-Абад шаарында жүрүшкөндүгү такталган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.