Өзбекстандан Кыргызстанга 7 тонна анар алып келе жаткан жигит кармалды

24-январда мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиршти.

Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары VOLVO-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашып, анын айдоочусунда жүктү коштогон жалган электрондук документ болгондугун аныкташкан. Жасалма коштомо баракты пайдаланып 2004-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну 7 тонна жемиш өсүмдүгүн – анарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас-Достук жолунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кармашкан.

MERCEDES-BENZ үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө чек ара кезмети 3500 килограмм “Миф” кир жуугуч порошогун табышкан. Айдоочуда алып бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес. Алдын ала алынган маалымат боюнча, аткезчилик анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун баасы болжол менен 1 500 000 сомду түзөт.