Өзбекстандык кримавторитет «Салимбайдын» кыргыз тарапташы кармалды (видео)

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салимбай Абдувалиевдин («Салим-бойвоча») тарапташы болгон кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга катталган материалдын негизинде 1956-жылы туулган Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кармалды. Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстандагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салимбай Абдувалиев (каймана аты «Салим-бойвоча») менен жана буга чейинки УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган З.Э.Т. менен биргеликте Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон.

Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун идеалогиясынан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийе билдирген.