Өзбекстанда адам өлтүрүүгө айыпталып, соттолгон жарандар Сузакта кармалды

6-январь күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат милицияга келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Андижан облусунун 1986-жылы туулган тургуну Фергана облусунун 1992-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Териштирүү учурунда Өзбек жарандары мурда бир нече жолу соттолушкандыгы, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах облусунда жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.