«Өзбекстанга өткөрүп бермек». Баткенде 15 килограмм баңгизат менен чет өлкөлүк жаран кармалды

Эл аралык баңги тобунун мүчөсү 15 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктады.

Тактап айтканда, 21-июлда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет мамлекеттин жараны кармалып, андан жалпы салмагы 15 килограмм 54 граммды түзгөн (базар баасы 6 миллион 500 миң сом) 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, шектүү баңги каражаттарын кийин сатуу максатында Өзбекстандын Фергана облусуна өткөрүп бермек экенин мойнуна алган. Сот аны 16-сентябрга чейин камакта калтырды.