Өздөрүн ИИМ кызматкерлери катары тааныштырып, 300 миң сом талап кылган шектүүлөр кармалды

Өздөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерибиз деп тааныштырып жарандардан акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

8-августта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, өзүлөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катары системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип жүргөн бир топ жарандар кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 6 жарандан турган топ өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып, бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

8-августта бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылган.