Өздөрүн жол тескөөчү катары көрсөтүп, жолдогу унааларды тосуп жаткан жигиттердин видеосу тарады

Социалдык тармактарды өздөрүн жол тескөөчү катары көрсөтүп, жолдогу унааларды тосуп жаткан жигиттердин видеосу тарады.

Видеодон көргөндөй, эки жигит өтүп бара жаткан унааны токтоткон. Ошол учурда видео тартып жаткан адам аларга барып, тийиштүү документтерин сураган. Алар камерага тартпоону талап кылышып, унаасына отуруп, качып кетишкен.

Журналисттерге ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жигиттердин алардын кызматкерлери эместигин айтышып, жигиттерди издөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.