Өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган СИЗО-1деги «смотрящий» кармалды

Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ичинен кылмыштуу уюмдардын жана башка деструктивдүү топтордун мыйзамсыз иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, соттолгондордун ичинен “көзөмөлчү” болуп саналган адамдар №1 тергөө абагында кармалып турган адамдарга карата физикалык зомбулук көрсөтүү, ошондой эле алардын жакын туугандарына күч колдонуу менен коркутуу жолу аркылуу опузалап карыз өндүргөн.
УКМК Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 95 миң сом суммасындагы каражатты алуу учурунда А.Т.М. жана А.М.Р. аттуу жарандарды кармады. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.