Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

16-март күнү милицияга И.С. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда М.Ш. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби 2021-жылдан 2024-жылга чейинки убакытта жабырлануучуну алдоо жолу менен ишеничине кирип, Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер өткөрүү жолу менен каражатты көбөйтүүгө жардам берем деген шылтоо менен 20 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган.
Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган М.Ш. жана 1979-жылы туулган М.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз 0(502) 14-43-14, 0(704) 00-74-00, 0(502) 12-05-70 же 102 кыска номуруна чалыңыздар.