Өзгөчө кырдаалдар министри сел каптаган аймакка барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районунда табигый өзгөчө кырдаал катталган аймакта болуп, өзгөчө кырдаалдарды тез арада жоюу жана координациялоо жумуштарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Мындан сырткары, министр Кызыл-Багыш айылынын тургундары менен да жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Кырдаалды жөнгө салууда жана калк коопсуздугун камсыздоодо министрлик тарабынан тиешелүү чаралар колго алынып, жеке көзөмөлүндө турарын белгиледи.

Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери министрдин көзөмөлү астында жүрүп жатат. Жарандык коргонуу кызматынан 260 кызматкер, ӨКМден 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын 13 мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. ӨКМден 12 бирдик, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды.