Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскер сабалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерге чакырылган жоокер сабалды. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү социалдык тармактарга жазып чыгышты.

«2002-жылы туулган жигит 2021-жылдын ноябрь айынан бери Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөйт. 1-июнга караган түнү ал кызмат өтөп жүргөндө, прапорщик аны түн ичинде сабап салган»,- деп жазышат жигиттин жакындары.

Алардын айтымында, Бекзат туугандарынан бирдик салууну дайыма суранып, 8 ай ичинде алар 35 миң сом беришкен, прапорщик бул акчаны мобилдик тиркемелер аркылуу накталай кылып алып турган. «Түнү ал туугандарынын биринен номерге акча которууну талап кылышкан, бирок түндө туугандарынын тынчын ала албагандыктан, жигит ур-токмокко чыдаган. 1-июнь күнү агам чалып, пневмония менен ооруп калганын айтып, фельдшердик бөлүмгө которушканын айткан. Ошол күндөрү байланышып ооруп жатканын айткан. Бирок чындыгында табарсык жарылып, буту шишип кеткен”, — деп жазат туугандары.

Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. «Операция үч жарым саатка созулду. Операция учурунда органдар заара, канга толуп, боордун формасы өзгөргөнүн көрүшкөн. Кабыргалары, бөйрөгү, өпкөсү жабыркаган», — деп жазат жакындары. Бекзаттын жакындары күнөөлүүлөрдү жазалоо өтүнүчү менен ички иштер министри Улан Ниязбековго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.