УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери кармалды.
Такталгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы майор С.Ч.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.
С.Ч.М. жарандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген. Бул факты боюнча 5-августта С.Ч.М. кармалып, КУКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.