Өзгөн каналынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кара-Суу районунда белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «102» кызматына Нариман айылындагы Өзгөн каналынын жээгинде белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.