Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык боюнча кармалды

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери тарабынан жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 2 миң доллар талап кылган алдамчылык фактысы аныкталды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча келип түшкөн арызды кароонун алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 24-апрелде Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом өлчөмүндөгү акча табылган.

Тергөө-оперативдүү иш-аракеттеринин алкагында шектүү Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары, сотто каралып жаткан жарандык/кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча «ортомчулук» кызматты көрсөткөнү такталды. Келип түшкөн маалыматтар сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга жол бербөө үчүн акыйкаттыкты издөөдө жарандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн ар кандай ыкмаларды издөөгө аргасыз болгондугун айгинелейт.