Өзгөндө 2 адам октон каза тапкан окуя. Шектүүлөрдүн куралы жана унаасы табылды

Кылмышка шектүүлөр түшүп жүргөн унаа

Өзгөндө кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы жана автоунаасы табылды. Бул туурасында Ош облустук милициясынан билдиришти.

2021-жылдын 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан адамдардын кылмыш учурунда колдонгон автоунаасы жана ок атуучу куралы табылды.

Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаа табылып, “КRAL ARMS” үлгүсүндөгү Туркия мамлекеттинин өндүрүшүндөгү аӊчылык куралы, эки даана 12 калибрлүү ок-дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.

Ошондой эле буга чейин денесинен жаракат алып каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. 2020-жылдын февраль айынан бери  уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министирлигинин ыкчам каттосунда тургандыгы белгилүү болду.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат.