Өзгөндө 24 жаштагы келинди балталап салган. Кошунасы кармалды

Социалдык тармактын колдонуучусу Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылында 4 балалуу келин балталанып каза болгону тууралуу маалымат жазды. Андагы маалыматка караганда, кылмышка шектүү анын коңшусу. Кылмыш боюнча Ош облустук милициясы маалымат берди.

«4-октябрь күнү Ѳзгѳн райондук ички иштер бөлүмүнүн нѳѳмѳт бѳлүгүнѳ телефон аркылуу бейтааныш аял киши байланышып, анда Ѳзгѳн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну 1996-жылы туулган келинди өзү жашаган үйдүн короосунда кошунасы балта менен чаап ѳлтүрүп койгондугун кабарлаган.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери улана баштаган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Ѳзгѳн районунун 2000-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуя боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат»,- дешти облустук милициядан.