Өзгөндө 4 жаштагы бала ойноп жатып, трансформатордун ичине кирип, токко урунган

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ошто 2018-жылы туулган бала трансформатордун ичине кирип, электр зымын кармап, аны ток урган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

14-апрелде Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн биринде 2018-жылы туулган бала электр тогуна урунуп, денесинен жараат алгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган маалымат Ош ОИИБдин электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөнкүлөрдү аныкташкан: 13-апрелде саат 18:00 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну 2018-жылы туулган бала эшикте ойноп жатып, үйүнө жакынкы жерде жайгашкан электр трансформаторунун ичине кирип, электр зымын кармап алганда, электр тогу уруп Тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө амалдары уланууда. Баланын абалы оор.