Өзгөндө 9 жаштагы кыздын зордукталышы. Кылмышка шектүү өспүрүм камакта калтырылды

Буга чейин Ош ОИИБ маалымат берип, Өзгөндө 9 жаштагы кыз зордукталганын тастыкташкан.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын тургуну 2007-жылы туулган жаран кармалган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар шектүү өспүрүмдүн камакка алынганын билдиришти. Маалыматка караганда, ал 2 ай Жалал-Абад шаарындагы 53-мекемеде кармалат.