Өзгөндө 9 жаштагы кызы зордукталганын айтып, апасы милицияга кайрылды

Өзгөндө 9 жаштагы кыз зордукталган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 14-мартта Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын кызы зордукталгандыгын билдирген. Аталган факты РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен катталды. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды, учурда кылмышты аныктоо жана кылмышка шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.