Өзгөндө бир туугандар аёосуз сабалган. Шектүү 3 айдан кийин кармалды

Өзгөндө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 9-май күнү саат 16:00 чамасында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу 1987-жылы туулган жаран өзүнүн кылмыштуу шериктери менен бирге ээн талаадан Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жашоочусу 1995-жылы туулган З.уулу Б. жана анын бир тууган иниси 1997-жылы туулган З.уулу Б.ны өз ара пикир келишпестиктен улам аоёсуз сабашкан. Кесепетинен1995-жылы туулган З.уулу Б. денесинен оор жаракат алган.

Аталган факты боюнча жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышып, анын негизинде Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары 1987-жылы туулган жаранга издөө жарыяланган.

14-август күнү саат 06:00 чамаларында жогорудагы кылмышка тиешеси бар, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.