Өзгөндө жарандын Део-Тико унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды

12-апрель күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук Део-Тико үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш адамдар күч колдонуу менен тартып алгандыгын билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Өзгөн РИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш ишин козгошкон. Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү кармашкан. Алар мурда бир нече жолу соттолгон 1987-жылы туулган С.Б. менен 1990-жылы туулган Т.Р. экендиги аныкталды. Кармалган жарандар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Иликтөө иштери жүрүп жатат.