Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты

Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

29-декабрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун тургундары 1988-жылы туулган А.Х., 1990-жылы туулган Х. уулу Н. жана 1993-жылы туулган Х. уулу С. денелеринен жаракат алышып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучулар менен тергөө амалдарынын жүрүшүндө өздүгү аныктала элек Өзгөн шаарынын 4 тургуну чечилбей келген пикир келишпестиктерден улам жаңжалдашканы маалым болгон.

Жабырлануучуларга жана окуя болгон жерден алынган далил буюм заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе окуяга тиешеси бар делинген Өзгөн шаарынын 1993-жылы туулган Х.М., 2001-жылы туулган А.уулу З., тергөө кызматына жеткирилген.

Ошондой эле, 1993-жылы туулган Ю.У., аттуу жаран алган жаратынан улам ооруканага жаткырылды.Ал эми 1983-жылы туулган Х.Б.ны тергөө кызматына жеткирүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.