Өзгөндө кар эриген соң, жаш жигиттин сөөгү табылды

Өзгөндө 20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы кабарчысына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 19-февралда болгон. Жансыз дене Ана-Кызыл айылында, эриген кардын алдынан табылган. Жигиттин жансыз денеси табылганын журналисттерге Ош ОИИБден тастыкташып, 35 жаштагы жаран милицияга кайрылганын айтышкан. Аталган факты каттоого алынып, жансыз дене кароодон өткөрүлүп, криминалдык тактар байкалган эмес. Маркумдун 2002-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну экени аныкталган. Тергөө уланып жатат.