Өзгөндө «жер мафиясынын» уюштуруучулары кармалды

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты С.М.Т. жана «жер мафиясынын» уюштуруучуларынын бири деп аталган А.Б.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин да Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы жана аталган айыл аймактын азыркы адвокаты жана алардын шериги кармалган эле.

«2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган. Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22га жер «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган», — деп жазылат билдирүүдө.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жер алдамчылыгына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында УКМКнын тергөө амалдары улантылууда.