Өзгөндө жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Өзгөн районунда жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Такталгандай, өкмөттүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы №542 токтому менен 2020-жылдын 20-августундагы бекитилген башкы пландын негизинде Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан 82 жер тилкеси Өзгөн районунун аймагына өзгөртүлгөн. Бирок кийинчерээк аталган айыл аймагынын айрым кызмат адамдары, ошондой эле Өзгөн архитектура бөлүмдөрү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкы пландарды бурмалап, жер тилкелерин кеңейтип, андан соң тургундарга жеке турак-жай куруу үчүн берилген. Тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында 31 миллион сом зыян аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 22-ноябрда төмөндөгүлөр кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген: