Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Кечээ, 24-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында ушул эле күнү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен 1993-жылы туулган Х. уулу С. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алдын ала алынган маалымат боюнча маркум Э.М. жана кылмышка шектүү Х.уулу С. автоунаа жолун талашып уруша кетишкендиги маалым болду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.