Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бүгүн, 1-февралда Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жөө адамды катуу сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 28-январда түнкү саат 23:35 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу жол жээгинде бара жаткан 44 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, ага жардам бербестен кетип калган. Жабыркаган адам ошол жерден көз жумган.

Учурда бул кырсык боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле Ош облусунун аймагында «Курчоо» иш мерчеми киргизилген.

Ал эми шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.