Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

12-апрель күнү саат 19:00 чамасында Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну 29 жаштагы А.к.А. аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Аталган факты маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А.к.А. аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргузүлгөн. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык дайындалган. Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.