Өзгөндө көмүр казган ишканада таш басып калып 3 Кытай жараны каза болду

Кечээ, 20-март күнү таңкы саат 07:10 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасында орун алган «АБКЕ» көмүр кен ишканасында үч Кытай жаранын таш басып калганы жөнүндө милицияга кабар келген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Өзгөн РИИБдин жооптуу жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 20-мартка караган түнү саат 00:30 чамасында шахтада 1971-жылы, 1973-жылы туулган, дагы бир 1973-жылы туулган үч Кытай жараны көмүр казуу иштерин жүргүзүп жатып, казылган жердин үстүнкү тарабын катырып жатышканда, катырып жаткан жери көмүр аралаш чоң салмактагы таштар кулап, басып калгандыгы аныкталган. Андан кийин бирге иштеген Кытай жарандары тарабынан басылган жеринен казып алынгандыгы такталган. Бул окуя боюнча сырттан шахтанын ичине чейинки болжол менен 50 метр аралыкта көчкү болгондугу аныкталган.

Маркумдардын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери улантылууда.