Өзгөндө мектепте жылытуучу меш жарылып, от жагуучу жабыркады

Кечээ, 20-ноябрь күнү саат 19:45 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан орто мектептеринин биринде жылытуучу түтүкчө (меш) жарылып, от жагуучу болуп эмгектенген 35 жаштагы К.Б. аттуу жаран бетондун астында калып калган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип барып, жабыр тарткан атуулду бетондун астынан сууруп чыгып, тез жардам кызматы келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүшүп, аман сактап калышкан. Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми жарылуунун себебин аныктоо боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан иш аракеттер көрүлүүдө.