Өзгөндө 17 жана 18 жаштагы жигиттердин мушташы ок чыгаруу жана өлүм аяктады

Өзгөн районунда 18 жаштагы жигитти атып кетишти. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя Досмат-Ата аймагында болгон деп такталды. Маркум менен шектүү оозеки айтыша кетип, чырдын жыйынтыгы ок атуу менен аяктаган. “Жарадар болгон экинчи тарап 18-июнь күнү саат 15:40та ооруканага келип түшкөн. Айрым маалыматтарга караганда, маркум менен шектүү чөп чабууда жолуккан. Жаштардын ортосунда пикир келишпестик болуп, бири экинчисине ок чыгарган. 17 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизалар дайындалды. Факты «киши өлтүрүү» беренеси боюнча катталган», — деп маалымдашты Ош ОИИБинин басма сөзматынан.