Өзгөндө өз кызын зордуктоого шектелген ата үйүнө кое берилген. Кызы каякта?

Өзгөн районунда өз кызын зордуктоого шектелген ата ошол күнү эле үйүнө кое берилген. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкы экспертиза кыздын зордукталбаганын көрсөткөн. Мындан улам, шектүүнү камакка алууга негиз жок болуп, ал үйүнө жөнөтүлгөн.

«Биз шектенүүлөр жаралбаш үчүн кайра соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза  дайындаганбыз. Анын корутундусу чыккыча, шектүү үйүндө болот. Кыз учурда таежесинин колунда өзүнчө туруп жатат. Аны менен психологдор иш алып барышууда. Кыздын же атасынын жалган айтпаганын такташ үчүн соттук-психологиялык экспертиза дагы дайындалган болчу. Ага да мөөнөт керек экен», — дешти милициядан.

Эскерте кетсек, Өзгөн райондук РИИБине 17 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшүп, кылмышка шектүү катары 45 жаштагы жаран кармалган. Бул факт бирдиктүү реестрге катталган. Кыздын атасы күнөөнү мойнуна алган эмес. Кыздын апасы Орусияда экени айтылган.