Кечээ, 22-июнь күнү саат 19:00 чамасында Мырза-Аке — Кара-Шоро жолунун 47-50-чакырымында жолдун тескей тарабынан кыян түшүп, натыйжасында жол каттамы жабылган.
Учурда Өзгөн райондук Жарандык коргонуу башчысынын штабы түзүлүп, тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Жерине атайын техника, ЖК кызматтарынан коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызмат, жол тейлөо кызматы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барууда. Жол тейлөө кызматы тарабынан атайын транспорт уюштурулуп, “Кара-Шоро» улуттук паркына эс алууга барып өтө албай калган 100 адам коопсуз жайга эвакуациялынды.