Өзгөндө теңтушу тарабынан бычылды делген киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев тастыктады.
Ал кишиге бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөн.
- 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.
- 13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну 44 жаштагы жаранды чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынган.
- Ал арада эркек кишини бычып салууга айыпталып, камакка алынган кишинин жубайымын деген аял үн катып, учурда Орусияда экенин айткан. Аял жолдошу менен 20 жыл жашаганын, ортодо 5 баласы бар экенин айтып, буга чейин сабалып келгенин билдирген. Анын айтымында, жабырлануучу экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес.