Өзгөндө теңтушун бычып салууга шектүүнүн аялынын көгала болуп сабалгандагы сүрөттөрү жарыяланды

Өзгөндө эркек кишини бычып салууга айыпталып, камакка алынган кишинин жубайымын деген аял үн катып, учурда Орусияда экенин айткан. Аял жолдошу менен 20 жыл жашаганын, ортодо 5 баласы бар экенин айтып, буга чейин сабалып келгенин билдирген. Анын айтымында, жабырлануучу экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес.

Кой байлаган аркан менен байлап, жерге кулатып, буту менен басып, ура баштады. Аяшың менен жаткансыңбы деп баштады. Анын бул жерге эч кандай тиешеси жок. Бизде уруш чыкканда аялы экөө ажыратып кетчү. Ал бизге тууган болот. Күйөөм менен классташ. Бир мектепте окуганбыз. Кайын журттун сөзүнөн ушул окуя болду деп ойлойм. Аяшым экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Мен Кудай алдында акмын дедим”, — деген ал.

Ал арада социалдык тармактарда аялдын көгала болуп сабалгандан кийинки сүрөттөрү жарыяланды.

Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек кишинин бычылганын жазып чыгышкан. Ошондой эле окуянын видеосу тараган. Видеодон эркек кишинин «Башында ойлонуш керек эле да. Ушундай болуп калбайт бекем деш керек болчу» деп жатканын угууга болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине буга чейин окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришкен.