Өзгөндө 2 адамды атып өлтүргөн жарандар изделүүдө

Өзгөндө 2 адамды атып, качып кеткен жарандар изделүүдө. Бул туурасында Сереп Медиага облустук милициядан билдиришти.

Ок жеген жарандар Өзгөн райондук аймактык ооруканасына түшкөн, ал жактан дарыгерлер милицияга кабарлашкан. Жерине барган тартип сакчылары окуя 19-мартка караган түнү саат 3:15 чамасында болгонун такташкан.

Маалыматка караганда, Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо шаардын 31 жаштагы тургуну М. Ш. өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү женил автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А. менен отурган.

«Ошол маалда автоунаанын жанына башка машина келип токтоп, белгисиз атуул автоунаанын айдоочусунун орундугунда олтурган Ш. М.га жана алдыңкы жүргүнчү орундугунда олтурган А.А.га жана арткы жүргүнчү орундукта олтурган С.К.га карата ок чыгарган. Андан соң качып кеткен. Жаракат алган 31 жаштагы М.Ш. менен 21 жаштагы К.С. алган жаракаттарынан ооруканага жетип-жетпей көз жумган. Үчүнчү жаран айдоочунун ары жагында отурган үчүн ага ок тийген деле эмес, болгону нес абалында ооруканага жеткирилген«, — дешти басма сөз кызматынан.

Аталган окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине («Киши өлтүрүү») ылайык сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды. Учурда Ош облусу менен Өзгөн районунун милициясы кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Каза тапкан 31 жаштагы жаран базарда бут кийим сатып иштечү. Ал эми 21 жаштагы жигит уюлдук телефондор үчүн аксессуарларды сатчу. Учурда алардын сөөгү өлүкканада.