Өзгөндө үйдөн өрт чыгып, жакын жайгашкан үйлөр да өрттөнүп кеткен (видео)

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, жакын жайгашкан турак үйлөргө өрт өтүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Жалын саат 03:48де чектөөгө алынып, саат 04:58де толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.