Өзгөндөгү жер көчкү үйлөргө жакындап калган. Карл Маркс айылына өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өзгөн районунда 22-март күнү саат 05:00 чамасында Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион м3 жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 метр аралыкта жетпей калган.

Буга байланыштуу кечээ ыкчам түрдө Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, райондук №53 ӨКБдан 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлгөн. Жеринде райондук ӨК бөлүмүнүн офицери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.

22-мартта Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.

Аталган аймактагы жер көчкү түшү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.