Өзгөндөгү жол кырсыктан 2 жигит каза болду

Өзгөндөгү жол кырсыктын кесепетинен жаш жигиттер каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 24-февраль күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Кара-Суу районунун 1963-жылы туулган тургуну Вольво FH-12 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын Бишкек багытын көздөй башкарып бара жатып Өзгөн районунун Мырза-Арык айылы менен Куршаб айылынын ортосуна жеткенде, тактап айтканда Бишкек-Ош жолунун 624-чакырымында каршы тилкеге чыккан ВАЗ 21-07 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Аны Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен ВАЗ 21-07 унаасынын айдоочусу жана 2002-жылы туулган жана 1999-жылы туулган жүргүнчүлөр алган жараатынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок унаанын айдоочусу менен жүргүнчүлөрдүн бири ооруканада каза болушкан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Өзгөн РИИБдин кызаткерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган.