Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча митингдин катышуучусу Каныкей Аранова кармалды

Социалдык тармактын колдонуучулары Ошто Каныкей Аранованын кармалганын жазып чыгышкан. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

«Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын тургуну 1987-жылы төрөлгөн Каныкей Аранова Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирип мазактаган сөздөрдү айткандыгы үчүн майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Өзгөн райондук соту тарабынан ага карата 30 саатка коомдук ишке тартуу боюнча чечим чыгарылды», — дешти облустук милициядан.

Каныкей Аранова 10-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы берилбесин деген талап менен өткөн митингде модераторлук кылган. Эртеси күнү, 11-октябрда ал Фейсбук барагынан видео кайрылуу жасаган. 15-октябрда Кыргыз жер кыймылы Кемпир-Абад суу сактагычынын боюнда элдик курултай өтөрүн маалымдаган эле. Иш-чара тууралуу кабарды Аранова да Фейсбук баракчасына жарыялаган.