Өзгөндөгү лицейде көз жумган 16 жаштагы өспүрүм. Жакындары эмне дешет?

Т-МЕДИАнын сүрөтү

Бүгүн, 21-декабрда Ош ОИИБ маалымат таратып, Өзгөндөгү лицейде 16 жаштагы өспүрүм 17 жаштагы өспүрүмдүн көкүрөккө болгон соккусунан каза болгонун билдиришкен.

Т-Медиа жакындарына шилтеме берип, өспүрүмдү бир эмес, 19 бала сабаганын жазып чыкты. Редакцияга маркумдун агасы Рустам Маманазаров «милиция түнү убактылуу кармоочу жайга 19 баланы алып келип киргизгенбиз деди. Текшерип атышыптыр» деген.

Ал эми маркумдун эжеси Арзайым Кимсанованын айтымында, окуу жылынын башында да ал токмок жеп үйүнө барган. Андан кийин ата-энеси лицейге жөнөтпөй коюшкан, бирок агайы чакыртып алган. «9-классты бүтүп Куршабдагы орто окуу айына тапшырган болчу. Башында бир апта окуп, балдардан токмок жеп үйүнө барган. «Окубайм, ата» дегенинен ата-энеси да окуткан эмес. Кийин агайы чакырып, «барды-келди окуп, диплом алып ал» дешиптир. 19-декабрда алар дагы чакырышыптыр. Кечээ барып ушундай ишке кабылып отурат. Түндөн бери тергөө жүрүп жатат. Башы жарылыптыр. Балабызды ары-бери сүйрөп, урган окшойт», — дейт Кимсанова.