Өзгөндөгү тойдо асманга атылган ок. Окуянын чоо-жайы (видео)

25-сентябрь күнү интернет айдыңында Өзгөн районундагы айылдардын биринде үйдүн короосунда бир нече балдар топтолуп алып, анын ичинен жашы болжол менен 20-25 жаштагы жигит ок атуучу куралды алып, асманга бир нече жолу атып жаткандагы видео таркаган. Окуянын чоо-жайын Ош ШИИБден билдиришти.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына 25-сентябрь күнү саат 14:26да катталып, ошол эле күнү Жоруктар жөнүндө Кодексинин 121-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, текшерүү иштерин жүргүзүү Өзгөн РИИБдин кызматкерлерине жүктөлгөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 25-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Зергер айыл аймагына караштуу Кайрат айылынын 38 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүндө баласынын үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан учурда, атайын Орусиядан сатып келген ИЖ-161 ПС үлгүсүндөгү мылтыктан үн чыгарып, жарык берүүчү куралды баласынын досу Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу айылынын 20 жаштагы тургунуна асманга атуу максатында берген. Ал эми ал куралды алып эл топтолгон жерде асманга бир нече жолу аткан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн учурда 2 даана 5,45 мм болгон ок атуучу куралдын гильзасы табылган.

Куралдын ээси өзүнүн көрсөтмөсүндө Москва шаарында көп жылдан бери иштеп жаткандыгын быйыл баласын үйлөндүрүү максатта 6-сентябрь күнү Кыргызстанга келгендигин, той өткөрүп жатканда автомат ок атуучу куралды асманга аттырайын деген ою болгонун, ошондуктан Москва шаарында куралды сатып алуу максатында магазинине барып, куралды көрүп, саткан адамдан уруксат керектигин сураган кезде, ал бул АК74 ок атуучу куралга эч кандай уруксат кагаздары кереги жок экенин, Москва шаарында жөн эле сатылып колдонуларын айткан. Ал ошол себептен жөн гана үн чыгаруучу автомат дегенинен кызыгып, 32 миң рублга сатып алгандыгын, ал ок атуучу куралды аэропорттон сумкага жүк катары жүктөп, эч кандай тосколдуксуз киргенин билдирген.

Азыркы учурда, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.