Ош шаардык сотунун 14-ноябрдагы токтомунун негизинде Өзгөндүн мэри 1 айга, тактап айтканда 9-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын жактоочусу аппеляциялык арыз менен кайрылган.
Өзгөндүн мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делип УКМК тарабынан кармалган.