Өзгөндүн мэри мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталууда

Өзгөндүн мэри Нодирбек Каримов мыйзамсыз жер бергендиги боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын текшерүүдө Өзгөн шаарынын мэри 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 чарчы метр жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталган. Бул фактылар боюнча райондук көзөмөл органы тарабынан сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан мэрге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген. Учурда кылмыш иш сотто каралууда. Райондук прокуратура тарабынан жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди.