«Өзү дайынсыз». Таласта мал базарга кеткен жарандын унаасы каналдан табылды

Кара-Буура районуна караштуу Ак-Башат айылынын 60 жаштагы тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик крандын жардамында унааны чыгарышкан. Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Жоголгон адамды издөө бүгүн, 27-сентябрь күнү улантылат.