Таш-Көмүрдө көмүлгөн темир трубаларды казып, сатууга шектелип 60 жаштагы жаран кармалды

2021-жылдын апрель айынын аягында Таш-Көмүр ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан чара көрүү максатында билдирүү түшкөн. Анда Таш-Көмүр шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар тарабынан оор техникалардын жардамы менен жерде көмүлүп турган темир трубаларды уруксатсыз казып жатышкандыгы боюнча маалымат берилген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, далил буюм катары болжол менен 70 метр диаметри 325 мм темир трубалар унаа менен кошо алынган.

Бул факт маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар чогултулган. Окуяга объективдүү толук баа берүү максатында Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган темир трубалардын ээси жергиликтүү ЖЧКга тиешелүү экендиги такталып, ал жеке уюмдун аткаруучу жетекчилиги окуя боюнча келтирилген зыянды толуктап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, милицияга арыз менен кайрылган.

Жогорудагы уурулук фактысынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1961-жылы туулган Б.С. кармалган. Ал жерде көмүлүп турган темир трубаларды меники деп сатып жаткан. Ал 25-май күнү Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары дагы ушул сыяктуу уурулук фактыларга (труба жана рекламалык щит) тиешеси бар деп шектелип жатат.

Алынган маалымат боюнча бул жаран өзүн “Элдик таза муун” укук коргоо кыймылынын Таш-Көмүр шаары боюнча координаторумун деп атап жүргөндүгү белгилүү болду. Дагы кошо кетүүчү нерсе, мурда дагы  аталган Б.С. башка фактылар боюшча шектелип, ал жөнүндө убагында жалпыга маалымдоо каражаттары макалаларды жазып чыгышкан.