«Өзүн көрсөткүсү келген». Өзгөндө 10-класстын окуучусу мектептин 2-кабатынан секирди

Өзгөн районунда 10-класстын окуучусу Мамат Нурбаев мектебинин экинчи кабатындагы терезеден секирген. Бул маалыматты билим берүү мекемесинен тастыкташкан.

Окуучу класска кечээ эртең менен келген, бөлмөнү желдетүү үчүн терезелери ачык болгон. Классташтары менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин, ал терезеден секирген.

«Өспүрүм ооруканага жаткырылды. Анын буту чыгып, колу сынган. Мектеп окуучусу ушинтип өзүн жандап, классташтарынын алдында өзүн «көрсөтүүнү» чечкенин айтты. Окуя иликтенип жатат»,— деп билдирди.