6-мартта Бишкек шаарынын Ленин РИИБне Ч.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар бейтааныш абоненттик телефон номерлери аркылуу өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, үч банкта турган депозиттик эсебинен 5 миллион 292 миң акча каражатын белгисиз банктык эсептеге котортуп алышканын билдирген. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө банк реквизиттери аркылуу төмөнкү адамдар аныкталган (Дропперлер – алдамчылар тарабынан уурдалган акчаларды накталай алуу үчүн колдонулган адамдар) 2004-жылы туулган М.Н., 2004-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган О.А., 2004-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган Б.Е. атуу жарандар аныкталып кармалышты. Кылмышка шектүү болгон беш жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.