Пакистандык студенттин поезддин алдында калып, көз жумушу. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

11-декабрда Биринчи Май РИИБге Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү темир жолдо пакистандык жарандын поезддин алдында калып, көз жумгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери медициналык эксперттер менен чогуу барышып, жансыз денеге кароо жүргүзүшүп, денени өлүкканага жеткиришкен. Факты Биринчи Май РИИБге каттоого алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө, маркумдун Пакистандын жараны экени, Кыргызстан эл аралык университетинин алдындагы Медициналык факультеттин 2-курсунун студенти экени аныкталган. Окуянын күбөлөрү суралган. Алар ошол күнү саат 14:00 чамасында маркумдун аталган көчө менен батыш тарапты көздөй бара жатканын айткан. Мындан тышкары, күбөнүн айтымында, поезддин келе жаткандагы үнү деле угулуп турган. Поезд коңкуроо каккан, бирок жаран маани берген эмес. Жолду көздөй баса бергенде, поезд сүзүп кеткен.

«Жаран ур-токмокко кабылып, өлтүрүлгөн» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.